06.12.2019 20:32

Кундүн сүрөтү: ЖЭБ боюнча өкүм чыгарылууда

Кундүн сүрөтү: ЖЭБ боюнча өкүм чыгарылууда

24.kg маалымат агенттигинин журналисти Мария Орлова Бишкектеги Свердлов райондук сотунан сүрөт жарыялады. Ал жакта азыр шаардык ЖЭБди модернизациялоо боюнча каралып жаткан кылмыш ишине шектүүлөрдүн тарапташтары жана жакындары жүрүшөт.

Бүгүн, 6-декбарда сот айыпталуучуларга өкум чыгараары күтүлүүдө. Ал төрт сааттан бери создуктурулууда.

Эске салсак, айыпталып жаткандардын арасында мурунку өкмөт башчылар Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергетика тармагынын топ-иенеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев, мурунку каржы министри Ольга Лаврова бар.

Баардыгына тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айыптар артылууда. Мамлекеттик айып Сапар Исаковду 15 жылга, үй-мүлкун конфискациясы менен, Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну суранган.