20.06.2018 12:46

Куралдуу күчтөрдүн тик учактары эч кимге берилген эмес

Дагы бир чуу жараткан тема – тик учак маселеси – мурдагы бийликти каралоонун кезектеги куралына айландыбы? Бул суроо да жөн жерден чыккан жок. Анткени, айрым кадыр-барктуу жалпыга маалымдоо каражаттары эч бир жүйөөсү жок Сапар Исаковду тик учак маселесине илештирүүдө. Башка басылмалар анык жалганды жазып, Алмазбек Атамбаевдин кадыр баркына так түшүрүүгө аракет кылышууда. Ошол эле учурда жарыялаган материалдарын конкреттүү жүйөөлүү далилдер менен бекитишкен эмес. Чындыкка коошпогон маалыматтарды ким таратууда?