19.12.2019 08:45

Курсан Асанов үй камагында дагы эки ай отурат

Курсан Асанов үй камагында дагы эки ай отурат

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-февралга чейин узартылды.

Тиешелүү чечимди күн мурун, 19-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. Ага “милициянын кызыкчылыгын сатты жана ага карата ишеним жок” деген жүйөө келтирилген.

Белгилей кетсек, 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйү чабуулга алынганда Курсан Асанов мурунку мамлекет башчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алып чыккан.

Бир күн өтпөй Асановду Аскер прокуратурасы суракка чакырган. Кийинчерээк, башкы прокуратура Курсан Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун жар салган.

Бир апатадан кийин Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов дагы шылуундукка шектелип, камакка алынган. Сот аны үй камагына чыгарган. Ал эми 23-августта Курсан Асанов айдоочу-жансакчысы Дамирбек Пайзилда уулу камакка алынган.