30.11.2019 10:55

Курсан Асановдун жубайы сурак берди

Курсан Асановдун жубайы сурак берди

Мурдагы Ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асановдун аялы Гүлнара Усенканова 29-ноябрда Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосу Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакуновага таянып жазып чыкты. Жактоочу тергөөнүн купуя бойдон калышына кол коюп бергендиктен, суракка чакырууга негиз болгон себепти айткан жок.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат. Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, жүздөн ашуун адам жабыркаган. 8-августтагы операция тууралуу Атамбаев кармалар алдында аны менен Асановдун сүйлөшүп жаткан видеосу тараган.