23.01.2020 13:38

Куттуктайбыз! Франкфурт-на-Майне шаарынын атын спикер Дастан Жумабеков катасыз окуду

Куттуктайбыз! Франкфурт-на-Майне шаарынын атын спикер Дастан Жумабеков катасыз окуду

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп, анда спикер Дастан Жумабеков эки ирет кетирген катасын оңдой алды.

Тактап айтканда, Германия жана Кыргызстан ортосунда түзүлуп жаткан маанилүү келишим тууралуу расмий документти окуп жатып, Франкфурт-на-Майне деген шаардын аталышын катасыз окуду.

Эске салсак, буга чейин аталган шаардын аталышын туура айталбай, төрага эки жолу элдин талкуусуна түшкөн. Биринчи жолу Франкфурт жана Майне деп окуп салса, экинчисинде Франкфурт на Маяне деп кепке калган.