Куванычбек Шадыбеков КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Куванычбек Шадыбеков КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Куванычбек Шадыбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Шадыбеков Куванычбек Баймуратович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.