14.06.2019 17:27

Квартиранттар жашаган батирден каттоого турушу мүмкүн

Квартиранттар жашаган батирден каттоого турушу мүмкүн

Депутаттар салыкты үйлөрүн батирге берип жан баккан жарандарды аныктоо үчун ички миграция жөнүндө мыйзам долбоорун киргизишти. Ага ылайык, борбор калаага же өлкө аймагындагы башка шаарларга жашаганы келгендер квартирасынын дареги боюнча регистрациялык каттоодон өтүшү керек болот.

Өз кезегинде, батир берген жарандар салык төлөөгө милдеттендирилет. Анын үстүнө шаарда каттоосу жок жүргөн жарандардын шайлоолордо добуш берүүсу алда канча жеңилдейт.