25.04.2018 09:20

Күмөндүү стратегиялык объектилерди кезексиз текшерүүгө уруксаат берүү сунушталды

Күмөндүү стратегиялык объектилерди кезексиз текшерүүгө уруксаат берүү сунушталды

Экотехинспекцияга шек туудурган стратегиялык объектилерди кезексиз текшерүүгө укук бериш керек.  Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев тармактык комитеттин жыйынында билдирди.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош базарындагы жагдайды мисалга келтирип, мыйзам талабына ылайык, аны текшерүү үчүн 10 күн мурда кабар кылуу керектигин белгиледи.

"Биз ишкерлерге жеӊилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз. Албетте, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарыл, бирок ал чеги менен болушу керек", -деди Боронов.

Ал эми Экотехинспекциянын башчысы Канат Муратбеков күз-кыш мезгили башталганда мыйзам текшерүүлөргө жол бербей турганын, анын айынан көп мүчүлүштүктөр кетирилип жатканын кошумчалады.

Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев кышындагы аварияга катышы бар айрым жетекчилерге карата жоопкерчилик чаралары көрүлүп жатканын айтты.  «Мекемелер аралык комиссиянын текшерүү жыйынтыгы боюнча бир катар жетекчилер кызматтан бошотулуп, бир тобуна катуу сөгүш жарыяланды», - деди Воропаев