Күндүн каарманы. Ысык-Көлдө дарыгер жумушуна велосипед менен жетүүдө

Күндүн каарманы. Ысык-Көлдө дарыгер жумушуна велосипед менен жетүүдө

Ысык-Көл облусунун тургундары жумушуна велосипед менен кетип бараткан дарыгердин видеосун “Апрель” редакциясына жөнөтүштү.

Күбөлөр медайымды Сары-Камыш айылына жакын жерден жолуктурушкан. Ал атайын коргоочу кийим менен, көз айнек жана беткап тагынып алганын көрүүгө болот.

Дарыгердин билдирүүсунө караганда учурда коомдук тарнспорт жок. Бирок ал жумушту атштап коюуга негиз эмес деп белгилейт.

Мырзалар медайымды жумушуна чейин жеткирип коюууга кол сунушкан. Ошондой эле кыргызстандыктарды дарыгерлердин эмгегин баалоолого чакырышып, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын баардык дарыгерлерине ыразычылыгын билдиришкен.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккандардын саны 228 киши болду. Ичинен 19у дарыгерлер. Төрт киши набыт кетти.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.