13.02.2020 11:56

Күйүүчү май сакталган кампадагы өрт өчүрүлдү. Себептери такталууда

Күйүүчү май сакталган кампадагы өрт өчүрүлдү. Себептери такталууда

Бир күндө эки ири өрт чыкты. Күн мурун, 2-февралда Бишкек шаарында эмерек жасоочу жай өрттөнүп, Тилсиз жоону жоюууга 5 саатан ашык убакыт кеткен.

Ошол эле күнү кечки саат 20:40 чамасында Жибек жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампа күйүп кеткен.

Оттун жалыны жакын жайгашкан үйлөргө жармашып, аны түнкү саат 23:28де өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Бүгүн, 13-февралда, саат 11:10 чамасында оттун очогун толугу менен өчүрүп бүтүшкөн. Өрт жалмаган аянттын көлөмү 2 миң 600 чарчы метрди түзгөн.

Учурда ыкчам топ түзүлүп, өрттүн калган калдыктарды тазалашууда. Жеринде жети өрт өчүрүү тобу иштешкен. Алардан сырткары төрт куткаруучу, милиция жана тез жардам кызматкерлери тартылган.

Өрттүн себептери жана анын кесепетинде келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.

Эске салсак, бул акыркы бир айдын ичиндеги күйүүчү майлар сакталган кампадагы экинчи ири өрт. Мурдараак Новопавловка айылында так ушудай кырсык катталып, жакын жайгашкан үйлөр дагы өрттөнгөн.

Бул себептүү инспекторлор тынымсыз рейд жүргүзүп, мыйзамсыз сатылган күйүүчү майлардын очогун байма-бай табылып турат. Бул сымал мыйзамсыз ишмердүүлүк эмнеси менен кооптуу “Апрель” телеканалынын материалынан көрүңүздөр.