Көк бөрү боюнча Алтай курама командасы оюнга келген жок

Көк бөрү боюнча Алтай курама командасы оюнга келген жок

Бүгүн кыргыз курамасы менен беттеш белгиленген көк бөрү боюнча Алтай курама командасы оюнга келген жок. Мындан улам, кыргыз улакчылары жеңүүчү аталды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, Алтай командасынын курамы толук болбой калган.

«Айрым оюнчулары жаракат алганына байланышуу улакчыларынын саны толук болбой калды. Буга байланыштуу аларга оюнга чыгууга уруксат берилген жок», — дешти агенттиктен.