06.09.2018 18:06

Көк бөрү оюнунда Кыргыз курамасы Москва курамасын 23:5 эсебинде утту

Көк бөрү оюнунда Кыргыз курамасы Москва курамасын 23:5 эсебинде утту

Кыргыз курамасы Москва курамасын 23:5 эсебинде утту. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттеши өттү.  

Эми кыргыз көк бөрүчүлөрү финалга чыгышат. Эртең, 7-сентябрь күнү спортчулар саат 16:00 - 17:30до  3-4-орун үчүн,  18:00 - 20:00до 1-2-орун үчүн беттешишет.