23.04.2020 16:29

Көк-Жар айылында таза сууну болгону эки саатка беришүүдө. Айыл өкмөтүнүн жообу

Көк-Жар айылында таза сууну болгону эки саатка беришүүдө. Айыл өкмөтүнүн жообу

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында таза сууну эки саат гана берип жатышат. Дал ушундай билдирүү менен аталган айылдын тургундары “Апрель” редакциясына кайрылышты.

Маалыматка караганда, таза суу эки саат гана агып, жергиликтүү тургундар турмуш-тиричилигин жүргүзө албай калышууда.

“Биз аябай кыйналып кеттик. Ичээрге суу таппай, кошунама барып сурадым. Айрыкча азыр карантин убагында колубузду тез-тезден жууп, үйдү дагы жууп-тазалап туруш керек. Бирок биз жада калса ичкенге суу таппай калып жатабыз”, - дейт атын атагысы келбеген Көк-Жар айлынын тургуну.

Айтымында, таза сууга жетпей отурган кары-картаңдар дагы бар.

“Бир жолу министрге кайрылып, ал келип кеткенден кийин суу тынымсыз агып, жакшы болуп калган. Бирок биз айтсак үнүбүз жетпейт. Азыр идиштерге колдон келишинче суу топтогонго аракет кылабыз. Барынын эле чоң көлөмдөгү суу куя турчу идиштери жок. Анын үстүнө сууну кайсы сааттарда берип жатканын билбей калып, кээде тосуп алууга жетишпей отуруп калабыз”, - деп билдирет жергиликтүү тургун.

Өз кезегинде Көк-Жар айылынын өкмөт башчысы Эдиль Жумалиев суу болгону эки саатка берилип жатат деген маалыматты четке какты. Айтымында айылдын суу бургулоо скважинасы жок. Чет элдик кайрымдуулук фондунун жардамы менен журүп жаткан таза суу чыгаруу процесси карантиндин айынан токтоп калган.

“Суу түтүктөрү шакекче катары орнотулган, бул себептүү айылындын соңунда жашагандарга суу үзгүлтүксүз жетет. Орто жана жогорку тарабында суу күнүнө 5-6 саат гана агып калат. Көк-Жар айылынын этек жагында суу 12-13 саатка тынбайт. Ошол эле маалда жогорку бөлүгү өйдөлүш тилке болгондуктан таза суу күнүнө 5-6 саат агат. Анын үстүнө айрым тургундар таза сууну туура пайдаланбай, огородун сугарууга жумшап жатышат”, - дейт айыл өкмөтү.