03.12.2019 11:23

Көп кабаттуу үйдөгү тилсиз жоодон эки чүрпө жабыркады

Көп кабаттуу үйдөгү тилсиз жоодон эки чүрпө жабыркады

Бишкекте Стаханов көчөсүндөгү батирден өрт чыгып, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын экөө 3-даражадагы күйүк алышты. Дагы бир чоң киши жана 3 жана 7 жаштагы эки бала иске ууланышкан.

Жабырлануучуларды ооруканага жеткиришти, алардын абалдары канааттандыраарлык.

Кырсыктын себеби- электр жабдыктарын туура эмес пайдаланышкан.