06.08.2019 12:27

Ленин чокусунда каза тапкан турист Россия ИИМ генерал-майору болуп чыкты

Ленин чокусунда каза тапкан турист Россия ИИМ генерал-майору болуп чыкты

Чоң-Алайдагы Ленин чокусунда каза тапкан орус туристи Россиянын Ички иштер министрлигинин келишим-укуктук департаментинин жетекчисинин орун басары, генерал-майор Иван Сергеевич Иванов болуп чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. 

Мекемеден билдиришкендей, генерал альпинизмге кызыкчу. «Бул эмгек өргүүсүндө Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырууга жөнөгөн. Кырсык ал чокудан түшүп келе жатканда болгон», — деп билдиришкен кесиптештери. 

45 жаштагы орус жаранынын Кыргызстан тоолорунда жоголгону тууралуу маалымат июль айынын аягында белгилүү болгон. Ал 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп келатып,  саат 18:40та акыркы жолу чалган. Ошону менен байланышка чыккан эмес. Аны издөөгө куткаруучулар жана «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын тик учагы тартылган. 4-август күнү саат 12:05те 6259 метр бийиктиктен сөөгү табылып, 5-август күнү түнкү саат 01:00де маркумдун денесин лагерге алып түшүшкөн.