06.09.2018 13:08

lll ДКО: Кыргыз күрөш боюнча биздин балбандар 7 алтын медаль тагынышты

lll ДКО: Кыргыз күрөш боюнча биздин балбандар 7 алтын медаль тагынышты

Учурда lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу журүүдө.  Ал эми кечээ Оюндардын алкагында кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү. Спорттук беттешке 38 өлкөдөн 131 спортчу катышты. Кыргыз балбандар бардык 6 салмак категорияда алтын медалдарды тагынды.

Чемпион наамдарына Бекболсун Сатканкулов, Эсенбек уулу Амангелди, Самат уулу Равиль, Баястан Идирисов, Чынгыз Чалабаев, Нурбек Кожобеков ээ болсо,  абсолюттук салмак категорияда Тилек Куралов эң мыкты аталды. Жеңүүчүлөр 1 миң доллар менен сыйланды.