Мадаминжан Каратаев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Мадаминжан Каратаев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Мадаминжан Каратаев КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Каратаев Мадаминжан Мусаевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.