13.12.2019 13:51

Маданият министрлиги "Апрель" телеканалынын эфирге чыгуу жолдорун бууп салды

Маданият министрлиги "Апрель" телеканалынын эфирге чыгуу жолдорун бууп салды

Маданият министрлиги баардык операторлорго «Апрель» телеберүүсүн эфирге чыгарууга тыюуу салды. Тиешелүү катты телеберүү операторлоруна маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жөнөткөн.

Каттын көчүрмөсүн «Апрель» редакциясына маданият министрлигиндеги өздүк булак тапшырган.

Катта Аскер прокуратурасынын кайрылуусунун негизинде «Апрель» телеканалынын мыйзамсыз эфирге чыгуусуна жол берилбеши үчүн” баардык чараларды көрүү кажет деп белгиленген.

Маданият министрлигинин каты «Апрель» редакциясынын маалыматы боюнча баардык телеберүү операторлоруна жөнөтүлгөн. Анын ичине “Санариптик технологиялар” ЖЧКсы, РПО РМТР, ошондой эле IP жана кабелдик теле-тармактары бар.

Белгилей кетсек, маданият, маалымат жана туризм министрлиги берген телеберүүгө болгон уруксаат дагы деле күчүндө. Аны эч ким жокко чыгарган эмес.

Мурдараак Аскер прокуратурасы «Апрель»  телеканалынын “Санариптик технологиялар” ЖЧКсы аркылуу обого чыгуусуна бөгөт койгон. Ага аталган уюмдагы каналдын үлүшүнүн камакка алынышы негиз болгон. Бирок маданият министрлиги берген уруксаатка ылайык, канал келишим түзүү аркылуу башка операторлордун жардамы менен обого чыга берсе болмок. Эми бул жолду дагы бууп салышты.

«Апрель»  телеканалы боюнча жазылган катта күчкө салып тыюуу салган риториканы байкоого мүмкүн. Анын үстүнө Аскер прокуратурасынын кайрылуусуна негизделген чектөө дагы таң калтырат. Себеп, аталган органдын телерадиоберүү тармагына эч качан тиешеси болгон эмес.