13.08.2019 16:46

Маданият жана маалымат министрлиги: Азырынча «Апрель» телеканалынын лицензиясын алып коюу маселеси тууралуу сөз жок

Маданият жана маалымат министрлиги: Азырынча «Апрель» телеканалынын лицензиясын алып коюу маселеси тууралуу сөз жок

Азырынча «Апрель» телеканалынын лицензиясын алып коюу маселеси карала элек. Бул тууралуу маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкуловго таянып, Kaktus жазып чыкты.

Ошондой эле, «Апрель» каналынын базасында эч кандай башка канал ачылбай турганын билдирди.
“Бул жеке менчик канал. Жана биз анын чарбалык ишмердүүлүгүнө кийлигише албайбыз. Учурда каналдын мүлкү гана камакка алынды”, -деди министр.

Буга чейин аталган министрликтин алдындагы «Медиафорум» имараты менен «Апрель» телеканалы оор кылмышка шектелип жаткан адамга тиешелүү мүлк катары камакка алынганын билдиришкен.

Эскерте кетсек, 7-августта кечки саат 20:00 чамасында Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди «Альфа» антитеррордук тобунун жоокерлеринин күчү менен кармап кетүү аракети көрүлгөн. Андан бир саат өтүп, «Апрель» телеканалы эфирден өчүрүлгөн. 8-август күнкү штурмда экс-президент кармалып, УКМКга жеткирилген.

9-август күнү «Апрель» телеканалынын имаратына спецназдын коштоосунда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү келип, кызматкерлерден кеңседен чыгып кетүүнү талап кылышкан. Муну сот каналдын мүлкүн камакка алуу тууралуу чечим чыгарганы менен түшүндүрүшкөн. Бирок, жетекчиликке да, кабарчыларга да соттун токтомун көрсөтүшкөн эмес. Ошол эле күнү «Медифорумду» бекитип кетишкен.