23.12.2019 13:27

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранууда

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранууда

Бүгүн, 23-декбарда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. 

Бишкектин мурдагы мэрлери сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөштү. Андан соң сот тыныгууга чыкты. Маалыматка караганда, өкүм бүгүн түштөн кийин чыгаары божомолдонууда.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Кулматов акыркы сөзүндө бул мектептин долбооруна катышы бар экенине сыймыктанарын билдирип, "мамлекеттик айыптоо адилеттик үчүн иштебей, атайын каралоо менен гана алек болгонун" белгиледи.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Ибраимов да акыркы сөзүндө иштин баары куру доомат экенин билдирди жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тааныш экенине, кызматташканына сыймыктанарын айтты.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурушкан. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.