21.01.2020 17:16

Тарых музейин реконструкциялоо боюнча күбө: Сапар Исаков басым көрсөткөн эмес

Тарых музейин реконструкциялоо боюнча күбө: Сапар Исаков басым көрсөткөн эмес

Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча кылмыш ишин кароо Биринчи май райондук сотунда уланууда. Сот судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат. Процесстен 24.kg маалымат агенттиги кабар берүүдө.

Күбө, Архитектура, курулуш жана турай-жай коммуналдык чарбасы агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, Кыргызстан немец компанияларынын бирине 18 миллион 200 миң сом карыз. «Компания баардык материалдарды жана ачкычты алып келип берген эмес. Ал нерселердин жардамы менен музейдеги заманбап техника иштемек. Бул факты боюнча Маданият министрлигинин корутундусу күтүлүүдө», — деди ал.

Бактыбек Абдиевдин айтымында, аталган компания менен келишим түзүү сунушу президенттин аппаратынан түшкөн. Жактоочу Бактыбек Автандил улуу Бактыбек Абдиевдин атынан жазылган катты көрсөттү. Анда ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун атына жазылган катта немец компаниясы менен келишим түзүү тапшырмасы Маданият министрлигинен түшкөнү айтылат.

«Ушул себептен музей ачылбай турат. Мен ачкыч тууралуу айтып жатам. Компания отчет берген жок, байланышка дагы чыкпай жатат», — деди Бактыбек Абдиев.

Күбө мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун реконструкция иштерин жүргүзүүдө эч кандай басым көрсөтпөгөндүгүн кошумчалады. Ал эч кандай тапшырма берген эмес. Болгону мөөнөтүнө гана кызыккан.

Эске салсак, 10-декабрда Сапар Исаков сотко катышуудан баш тарткан. Ал мындай кадамга барган себебин, ЖЭБ боюнча Свердлов райондук сотунун маанисиз өкүмүнө байланыштырган.  

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.