01.03.2018 12:55

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыргыз тили боюнча тесттер - даяр

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыргыз тили боюнча тесттер - даяр

«Кыргызтест» системасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын тесттерди иштеп чыкты. Бул тууралуу 1-мартта маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев билдирди. 

А1, А2, В1, В2, С1 деңгээлдери боюнча тесттер "Кыргызтесттин" сайтында жайгашкан. 

Өкмөт токтомуна ылайык, 2018-жылдын 1-мартынан баштап, 5 ай аралыгында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу тест тапшырышы керек.