Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары дайындалды

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары  дайындалды
Самат Токтоболотов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
 
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Токтоболотов Самат Николаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.