13.07.2018 13:22

Мамлекеттик салык кызматы 6 айда 37,5 млрд сом салык жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 6 айда 37,5 млрд сом салык жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 6 айда 37,5 млрд сом салык жыйнады. бул туурасында аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта «2018-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 37 млрд 512,8 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 101,3 %га аткарылып, 468,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2017-жылдын алты айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 млрд 881,1 млн сомго же 11,5 %га жогорулаган», -деп айтылат.