07.08.2018 10:50

Мамлекеттик салык кызматы 7 айда салыкты 258,1 млн сомго ашыгы менен жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 7 айда салыкты 258,1 млн сомго ашыгы менен жыйнады

Салык кызматы 7 айда 43,5 млрд сом салык жыйнады. Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 43 млрд 502,6 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Маалыматта: «Коюлган план 100,6 %га аткарылып, 258,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 145,2 млн сомго же 10,5 %га жогорулады»,- деп айтылат.