Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Замирбек Чекирбаев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Чекирбаев Замирбек Сулайманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.