17.03.2020 10:13
"Манас" эл аралык аэропорт аба каттамдарына чектөө киргизди
«Манас» аэропорту коронавируска карата айрым авиакомпаниялардын рейстеринен баш тартты. Бул тууралуу эл-аралык «Манас» аэропортунун пресс-кызматы маалымдады.
«Манас» аэропортундагы баш тартылган рейстер төмөнкүлөр:
- 1. «Түштүк кытай авиакаттамы!» (China Southern Airlines)
- Каттамдар Урумчи — Бишкек —Урумчи маршруту аркылуу жүрөт. Бул каттам 2-февралдан тартып толук түрдө токтотулган.
- 2. «Флай Дубай» (Fly Dubai)
- Бул каттам Дубай — Бишкек — Дубай маршруту аркылуу жүрөт.
- 17-18- 19-21- 23- 26-марттагы жүргүнчүлөрдүн каттамы токтотулду.
- 3. «Эйр Арабия» (Air Arabia)
- Шарджа — Бишкек — Шарджа маршруту аркылуу өтүүчү каттамы 10-марттан 15-апрелге чейин токтотулду.
- 4. «Эйр Астана» (Air Astana)
- Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан каттамы март жана апрель ичи жабык болот.
- Алматы — Бишкек — Алматы маршруту 18 марттан тарта жабылат.
- 5. «Өзбекстан авиакаттамы» (Uzbekistan Airways)
- Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруттук каттамы ишемби күндөрү боюнча 16-марттан 28-мартка чейин жана 6-апрелден 27-апрелге чейин токтойт. Шаршемби кундөрү 1-апрелден 22-апрелге чейин.
- 6. «Азимут»
- Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону каттамы 11-марттан 25-мартка чейин токтотулган.
- 7. «Ураль авиакаттамы» (Ural Airlines)
- Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург каттамы 11-18 −25-марттагы рейстер токтотулду.
- 8. «Авиа траффик компани» (Avia traffic)
- Бишкек — Дели — Бишкек аба каттамы 15-19-26-мартта жана апрель ичи токтотулду.
- —Бишкек — Стамбул — Бишкек маршруттук каттамы 19-22-26-30-март кундөрү жана 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрель кундөрү токтотулду.
- —Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек маршруттук каттамы 21- 28 март күндөрү жана 4-11-15-18-апрель күндөрү токтотулду.
- 9. «Вареш Эйрлайнс» (Varesh Airlines)
- Тегеран — Душанбе — Бишкек — Тегеран каттамы 25-февралдан тартып токтотулган, кайсы мөөнөткө чейин тактала элек.
- 10. «Ош» аэропорту
- «Ош» эл-аралык аэропортунда 10-марттан 1-апрелге чейин Эль-Кувейт — Ош — Эль-Кувейт жана Jazeera Airways авиакомпаниясынын каттамдары убактылуу токтотулду.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: