05.06.2018 15:19

“Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерлери 120 миң сом айлык алаары айтылды

“Манас” эл аралык  аэропортунун кызматкерлери 120 миң сом айлык алаары айтылды

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерин талкуулады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиевдин ырастаганына  караганда, аба майданынын жалпы кирешеси 1 млрд 834 млн сомго жеткен жана мамлекетке 650 млн сом дивиденд түшөт.

Жыйында депутаттар Махабат Мавлянова менен Нурбек Алимбеков Кыргызстанда авиатармакты өнүктүрүү үчүн конкреттүү стратегиялык пландын жок экенин сынга алышты. Эл аралык “Манас” аэропортунун эң эле жетишкен ийгилиги же ири долбоору күтүү залдарын кеңейтүү болду. Комитет мүчөлөрү авиатармактын башында кесипкөй менеджерлер эмес агроном-ветеринарлар отургандыктан, абал өзгөрбөй жатканын айтып, өкмөт бул маселе боюнча ойлонуп, чечим кабыл алышы керектигин белгилешти. Ошондой эле эл өкүлдөрү кызматкерлер айына 120 миң сомго чейин маяна аларын, авиакеросин жеткирүүдө да бир топ маселелер бар экенин кошумчалашты. Андыктан жумушчу топ түзүп, аэропорттун финансылык-чарбасын да текшерүү керек деген сунуштар  берилди.

Ал эми депутаттар Улукбек Ормонов менен Тынчтыкбек Конушбаев өнүктүрүүгө деп бөлүнгөн каражаттар максатсыз коротулганына нааразылыктарын ортого салышты. Маселен аэропортко 21 млн сомдук шлагбаумдар коюлуп, кийин алар алынып салынган. Тынчтыкбек Конушбаев “Ош” эл аралык аэропортун өнүктүрүүнүн ордуна Отуз-Адырга жаңы аба майданын куруу пайдалуу да, арзан да түшөрүн айтты. “Мына азыр сиздер күтүү залын кеңейтүүгө, учуп-конуу тилкесин оңдоого жана башка реконструкцияларга көп каражат талап кылынат деп жазып жатасыңар. Сиздер билгендей, “Ош” аба майданынан Өзбекстандын аймагы аркылуу конот эмеспи, бул биз үчүн кооптуу да, туурабы. Анда эмне үчүн бул аэропортко каражат салып жатасыңар, мен эч түшүнбөй турам. Андан көрө Отуз-Адырдагы бөлүнгөн жерге аэропорт курууну демилгелебейсиңерби. Менин угушумча инвесторлор деле чыгып жатыптыр”, -  деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.

Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндө “Кыргызстан аба жолдору” мамлекеттик компаниясынын банкротко учурашы боюнча да сөз болду. Учурда абалы андан да оор авиакомпаниялар киреше менен иштеп жатканы айтылды. Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов болсо Жалал-Абадга авиабилеттердин баасы кымбат болуп жатканына нааразычылыгын билдирди. “Билеттер кымбат болгон үчүн учактар жарым жартылай толуп учуп жатат. Билеттин баасы 3000-4000 сом. Толбой жатса, билеттерди арзандатпайсыңарбы. Карапайым эл силердей болуп, 120 миң сом маяна албайт.”,- деди ал.

Тармактык комитеттин депутаттары учактардын санын көбөйтүп, аймактарга учуруу боюнча алгылыктуу иштер жүрүшү керектигин белгилеп, жана башка бир катар сунуштар менен Мамлекеттик мүлк фондусунун директорунун маалыматын эске алуу чечимине келишти.