16.04.2020 14:12

Мас абалында машина айдаган үч милиция кызматкери кызматынан айдалды

Мас абалында машина айдаган үч милиция кызматкери кызматынан айдалды

Кызматтык унаасында мас абалында кармалган милициянын 3 кызматкери жумушунан айрылышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин криминалдык милициясынын үч кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы аныкталган.

“Биринчиден, алар коменданттык сааттын талаптарын бузушту, экинчиден, кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мас абалында жана кызматтык автоунаада кармалышкан. Аталган үч кызматкер Бишкек шаарындагы наркология борборунда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип, алардын мас экендиги тастыкталган жана тиешелүү документтар толтурулган. Автоунаа атайын айып жайына токтотулган”, – деп айтылат маалыматта.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.