20.01.2020 14:24

Матраимов VS ММК: экинчи соттук отурум башталды

Матраимов VS ММК: экинчи соттук отурум башталды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму башталды. Ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.

Эске салсак, 19-декабрда алгачкы жолу өткөн соттук отурумда Матраимовдордун адвокаттары журналисттик иликтөөдө келтирилген маалыматтарды, тагыраагы  айрым сүйлөмдөр менен абзацтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн эле.

Бирок, Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Ошондой эле судья медиация ыкмасын эске салып, тараптарды элдешип алууга чакырган. Арыздануучулардын жакточуулары медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышкан.

Жоопкер тараптын адвокаттары бул ишти медиация ыкмасы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес.

Эске салсак, 19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Исмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.