13.12.2019 09:00

Матраимовдор ЖМКларга арткан арыз-доосу дээрлик 60 миллион сомду чапчыйт

Матраимовдор ЖМКларга арткан арыз-доосу дээрлик 60 миллион сомду чапчыйт

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын агасы Искендер жана алардын жубайлары коомдук фонд менен бирге “Азаттык”, “Клооп”, жана 24.kg маалымат агенттиктерин сотко бергендигин күн мурун 12-декабрда билдирип чыккан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;

Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;

Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;

Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;

«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;

Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;

24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;

«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктаганын аталган ЖМК ачыктады.