19.12.2019 17:42

ММКлар менен соттошуп жаткан Матраимовдордун кызыкчылыктарын төрт юрист коргойт

ММКлар менен соттошуп жаткан Матраимовдордун кызыкчылыктарын төрт юрист коргойт

Бир эле маалда үч басылманы сотко берген Матраимовдордун кызыкччылыгын төрт юрист когойт. Алар: Мадина Ниязова, Лейла Байдаева, Татьяна Карыжинская жана Оксана Жданова.

Бүгүн, 19-декабрда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча алдын ала угуулар өттү. 

Матраимовдордун адвокаттары журналисттик иликтөөдө келтирилген маалыматтарды, тагыраагы  айрым сүйлөмдөр менен абзацтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн эле.

Бирок, Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Ошондой эле судья медиация ыкмасын эске салып, тараптарды элдешип алууга чакырды. Арыздануучулардын жакточуулары медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышты.

Жоопкер тараптын адвокаттары бул ишти медиация ыкмасы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун арызынын негизинде каралып жаткан соттук териштирүүлөр 2020-жылдын 20-январына жылды.