19.12.2019 14:30

Матраимовдордун ММКлардын үстүнөн жазган арызы боюнча соттук отурумду видеого тартууга тыюуу салышты

Матраимовдордун ММКлардын үстүнөн жазган арызы боюнча соттук отурумду видеого тартууга тыюуу салышты

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Биринчи май райлондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму башталды. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.

Соттук отурум саат 14:00дө башталган. Матраимовдордун адвокаты Татьяна Карыжинская жараянды видеого тартууга тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Видеого тартуу процессин алардын дарегине болгон кысым катары баалашкан.

Раимбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская ЖМКлар жооп берүүчү тарап болгондуктан, алардын кызыкчылыгы бар деп билдирди.

Айтымында ЖМКлар маалыматты бир тараптуу таркатып жатышат.

Медиалардын адвокаттары буга каршы болушту. “Азаттык Медианын” өкүлү Акмат Алагушев жана Алтынай Исаева бул окуя резонанстуу болуп, коомчулуктун кызыгуусун жараткандыктан видео жана лайф тартууга уруксат берүүнү суранды. Тараптардын жүйөсүн уккандан кийин сот видео тартууга тыюу салды.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.