12.12.2019 14:59

Матраимовдун кабарчыларга карата арыз-доосу кароосуз калат

Матраимовдун кабарчыларга карата арыз-доосу кароосуз калат

Депутат Искендер Матраимов жазган арызды жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия кабал албай койду.

Эске салсак, 3-октябрда Матраимов Ошто телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча «Азаттык» радиосунун макалаларына даттанган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздар боюнча комиссиянын бир мүчөсү Санжар Эралиев «Азаттык» радиосунун кабарчысы болгондуктан, кызыкчылыктар кагылышына жол бербеш үчүн Матраимовдун арызын кароого катышкан эмес.

Бирок, Матраимов 3-октябрда жиберген алгачкы арызында макалалардагы кайсыл маалыматтарга нааразы экенин ачык көрсөткөн эмес. Депутат 21-октябрда аны толуктап, экинчи жолу арыз жиберген.

Ошентсе дагы комиссия арызды кароосуз калтырган. Себептери төмөндө көрсөтүлгөн.

  • Арыздын текстинен арыз берүүчүнүн ар-намысына кайсы маалыматтар шек келтиргенин так аныктоо мүмкүн эмес, андыктан карала турган предмет жок.
  • Комиссиянын компетенциясына кимдир-бирөөлөрдүн сүйлөшкөн сөзүнүн аудиожазуусунун аныктыгын текшерүү кирбейт, ал тургай жеке (конфиденциалдуу) мүнөздөгү аракеттерге баа берүүгө акысы жок.
  • Арыз берүүчү өз кайрылуусунда күн мурунтан эле Комиссиянын ишин объективдүү эмес жана бейтарап эмес деп баалаган пикирде болгондуктан анын арызын кароо мүмкүн эмес.

Тиешелүү чечим 12-декабрда комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган.

Белгилей кетсек, аталган комиссия журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турат. Маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Комиссия 2007-жылдан бери иштейт. Андан бери үч жолу курамы жаңыланган.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.