14.05.2018 13:20

Майып балдарды баккан адамдарга айлык акы төлөө демилгеси көтөрүлдү

Майып балдарды баккан  адамдарга айлык акы төлөө демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактырды. Демилгечи – депутат Мирлан Бакиров.

Демилгечи токтомдун долбоору Өкмөт тарабынан бул маселе боюнча жобону даярдоону тездетүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. “Өлкө аймагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 172,8 миң адам жашайт, алардын ичинен балдардын саны 29,2 миңге жакын. Медициналык-социалдык комиссиясынын корутундусуна ылайык, 6 миңге жакын бала дайыма бөлөк адамдын багуусуна муктаж”, - дейт депутат.

Баяндамачы көпчүлүк учурларда андай балдарды ата-энелеринен жана жакындарынан башка эч ким багып бере албай турганын кошумчалады. “Алар андай балдарды багууга көп убактысын жумшайт. Социологиялык иликтөөлөргө караганда, суткасына 12 сааттан көп убакыт талап кылынат. Ошондон улам, көптөгөн ата-энелер пенсиялык жана медициналык камсыздандыруудан сырткары калууда”, - дейт Мирлан Бакиров.

Депутат Акылбек Жапаров баардык социалдык багыттагы жардамдар даректүү болушу керек экенин баса белгиледи. “Мисалы, “балага сүйүнчүнү” баарына бирдей төлөп беребиз. Ага жылына 700 млн сомдон ашуун каражат жумшалат. Ошол эле учурда, бала баккан ата-энелерге 450-470 млн сом таппай жатабыз. Менимче, социалдык жардамдардын баары даректүү болушу керек”, - деди эл өкүлү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 30 миӊге жакын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталганын, алардын ичинде 6 миӊ бала туруктуу багууга муктаж экенин билдирди. Ал эми Каржы министрлигинин эсептөөлөрүнө караганда, азыркы жашоо минимуму 4794 сом болсо, анда жалпысынан 450-470 млн сом талап кылынат, бирок ал 2018-жылдын бюджетинде каралган эмес.

Азырынча каражаттын кааттыгын белгилеген депутат Кубанычбек Нурматов көп адамдар жол кырсыгынан оор жаракат алып жатканын, ошондон улам жолдо жүрүү эрежесин бузуу айыбын көтөрүп, андан түшкөн каражатты туруктуу багууга муктаж балдардын ата-энелерине жумшоо сунушун берди.