19.04.2020 16:24

Медицина кызматкерлерин колдоо үчүн кол чабуу. Бишкекте шаар тургундары челлендж башташты

Медицина кызматкерлерин колдоо үчүн кол чабуу. Бишкекте шаар тургундары челлендж башташты

Демилгечи жаштардын борбору Бишкекте медицина кызматкерлерин колдоо максатында челлендж башташты.

"Достор, келгиле карантин маалында көңүлдү чөгөрбөйбүз", - деп айтылат борбордун кайрылуусунда.

“Күндө кечки саат 21:00 чамасында балконго чыгып, кол чабып, ак халатчандарды колдойбуз”, - деп алар шаар тургундарын челленджге катышууга үндөшкөн.  

Белгилей кетсек, бул сымал челлендждер коронавирустан жабыркаган Европанын көптөгөн шаарларында уюштурулган. Бул ыкма аркылуу карантинде отурган жарандар үйлөрүнө кайтып бараткан медицина кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, колдоо көрсөткүлөрү келишет.