Медицина кызматкерлеринин коргоочу кийимдерине канча каражат сарпталып жатканы айтылды

Медицина кызматкерлеринин коргоочу кийимдерине канча каражат сарпталып жатканы айтылды

Саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала маалыматтары боюнча жеке коргонуучу каражаттарга, дары-дармек жана башка керектүү чыгымдарга 188,8 млн сом бөлүнгөн.

188,8 млн сомдун ичинен 156,1 млн сомго ЖКК сатып алууга жана 32,7 млн сом дезинфекциялоо иштери үчүн концентраттарга сарпталган.

Алсак, 2020-жылдын 26-апрелге карата саламаттыкты сактоо уюмдарында төмөнкү ЖККнын калдыгы бар:

 

  • бир жолу колдонулуучу костюмдар – 46 523 даана;
  • көп жолу колдонулуучу костюмдар – 20 797 даана;
  • респираторлор – 58 475 даана;
  • бир жолу колдонулуучу беткаптар – 1 110 613 даана.

«Саламаттыкты сактоо уюмдарынын болжолдуу муктаждыгына карата бир айга 231,6 миң коргоочу костюмдар керектелет, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы калдыктарды эске алганда дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюмдар керек болот, ал эми 128 миң респиратор, бир жолу колдонулуучу беткаптар жетиштүү санда. Бүгүнкү күндө бейтаптар жана байланышта болгон адамдар менен иштеп жаткан саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн бир айга 72 546 бир жолку колдонулуучу костюмдар жана 70 миң респиратор керектелет, алардын ичинен FFP3 жана FFP2 даражасы жогорулатылган коргоо респираторлорунан 32 400 даана болушу керек», - деп билдирди ММКФ.

Бүгүн, 27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 695 кишиге жетти. Ичинен 183ү медицина кызматкерлери. Бейтапканада 292 киши дарыланууда. Ичинен 7 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Оорудан 395 жаран сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.