06.06.2018 16:32

Мегакомдун баасын аныктап билүүчү ишканага 4 миллион сом төлөп берилет

Мегаком уюлдук оператору канча турат? Компанияны баалоого мамлекеттик мүлк фонду 3 миллион 800 миң сом төлөөгө даяр. Учурда тендердик комиссия баалоочу мекемелерди тандоо менен алектенүүдө. Эгер Мегаком төртүнчү ирет сатылбай калса, анда мамлекет ал акчадан кол жууйт. Белгилей кетсек, уюлдук оператор биринчи жолу 2015-жылы сатылчу объекттердин тизмесине киргизилген болчу. Андан бери эки жолу аукционго бир жолу түз сатууга коюлуп, эч ким албай койгон.