24.04.2020 13:25

Мекенге сапар. Түркиядан дагы 349 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтып келди

Мекенге сапар. Түркиядан дагы 349 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, 24-апрелде Түркияда ара жолдо калган 349 кыргыз  жараны Бишкекке чартердик каттам менен учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Келгендер Бишкектеги үч обсервациялык жайларга жайгаштырылышат.

Жүргүнчүлөрдүн саны 351 адам, алардын үчөө балдар, бардыгы авиакаттам токтогондон бери учак күтүп жаткан кыргыз жарандары экенин Бишкек мэриясы билдирди.

Кыргызстандыктарды алып келген «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна чак түштө конду.

Эске салсак, 17-апрелде Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и Бишкекке учуп келген.

15-апрелде өкмөт дүйнөдө жалпысынан чет жакта калган 6 миңдей кыргыз жаранын алып келгенин, дагы 4 миңдейи мекенине кайтууга жардам сурап жатканын, алардын көбү Орусияда экенин билдирген.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.