Милдеттүү беткап жана дистанция. Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорттоо жүрүү тартибин бекитти

Милдеттүү беткап жана дистанция. Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорттоо жүрүү тартибин бекитти

Борбор калаада коомдук транспорт 25-майдан тартып ишке кирет. Ага ылайык, саламаттык сактоо министрлиги айдоочу жана жүргүнчүлөр үчүн атайын тиртиптин эрежелерин киргизишти.

“Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, - деп билдирди Саламаттыак сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир чыгуу үчүн тазаланып турушу шарт.

“Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар”, - деп белгиледи Н.Үсөнбаев.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча коронавирус илдетине 1270 киши чалдыккан. Ичинен 910 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, ооруканада 346 адам жатат. 5 кишинин абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, коронавирустан өлкө боюнча 14 жаран көз жумган.