25.11.2019 13:04

Милиция коррупцияга каршы тынчтык акциясын токтотуу аракетин көрдү

Милиция коррупцияга каршы тынчтык акциясын токтотуу аракетин көрдү

Милиция кызматкерлери Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингди токтотуу аракетин көрүштү. Бүгүн, 25-ноябрда Кыргызстандагы коррупцияга каршы  митингдин катышуучуларынын жанына формачандар келишип, акция мыйзамсыз өтүп жатат деп билдиришти. Мындай аракетин алар Биринчи май райондук сотунун чечимине негиздешкен.

Мурдараак Биринчи май райондук администрациясынын үстүбүздөгү жылдын 1-декбрына чейин Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюуу салуу тууралуу чечимин сот мыйзамдуу деп тапкандыгы кабарланган.

Бирок, тынч жыйындар боюнча адистер соттун тиешелүү чечими 25-ноябрга белгиленген тынчтык акциясына эч кандай тиешеси жоктугун түшүндүрүшкөн.

Юристтер менен бир топко чейин талашкан милиция кызматкерлери акыры артка чегинип, эгер башаламандык баштала турган болсо, митингдин баардык уюштуруучуларын камашаарын билдиришти.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.