09.04.2020 13:13

Министрдин аркасынан орун басары дагы кетти. Башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков кызматын таштады

Министрдин аркасынан орун басары дагы кетти. Башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков кызматын таштады

Саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу боюнча кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Исаков ден соолугуна байланыштуу өзү арыз жазган. Азырынча анын ордуна жаңы кызматкер дайындала элек.

Исаков министрдин орун басары болуп быйыл 29-январда дайындалган болчу.

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 280 кишиге жетти.  Алардын төртөө каза болду. Оору жуктургандардын ичинен 34 адам медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.