Министрлик коронавирус жуктурган дарыгерлер мейманкана тандап туруп алышты деп билдирүү жасады

Министрлик коронавирус жуктурган дарыгерлер мейманкана тандап туруп алышты деп билдирүү жасады

Кечээ Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун төрт кызматкеринен коронавирус илдети аныкталганын айтылган. Ал эми ал жакта иштер, вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон башка даарыгерлер үйлөрүнө барбай министрликтин чечимин күтүп жатышканын айтышкан. Алар 17сааттан бери байланышта болгон дарыгерлерди обсервацияга алуу тууралуу маселе чечилбей жатканына нааразы болушкан эле.

Ал эми бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге буга байланыштуу суроо берилип, ал дарыгерлерге обсервациянын шарттары жакпагандыктан, башка жакты даярдоо убакыт алганын айтты.

“Ооба, кечээ ушундай абал жаралып калды. Бул маселе борбордун кызматкерлери биздеги бар обсервацияларда жатууну каалабагандыктан, шарты жакшы жатаканаларды талап кылгандыктан, ал жатаканалардын акысын төлөгөнгө чейин жаралып кетти. Бирок көйгөй чечилди, аракеттер көрүлүп, алар өзүнчө жатаканага жайгаштырылды. Кечинде биз барып кабар алдык, алар тынчтанып, жайгашып, учурда эс алып жатышат. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ошол жактан №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери текшерүүдөн өтүшөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат, бул маселе биздин көзөмөлдө”, – деди Үсөнбаев.

Маалыматка караганда, күн мурун, 17-апрелде, №17 ҮМБ толугу менен дезинфекцияланган.

“Аталган борбордун 22 медкызматкери “Ак кемедеги” карантиндик зонага жатуудан баш тартып, аларды «Garden» отелине жайгаштырууну талап кылышкан. Бишкек мэриясы жана Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени 19:30га чейин чечип, алардын баары «Garden» отелине жайгаштырылган”, - деп билдирет штаб.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Ичинен 116сы медицина кызматкерлери.  

130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.