Мирбек Акматалиев Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Мирбек Акматалиев  Архитектура жана курулуш  мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругуна ылайык,  Акматалиев Мирбек Акматалиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Бул туурасында Өкмөт Аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.