10.07.2018 10:50

Москвада 8 адамды коюп кеткен кыргыз жараны 16-августка чейин камакта калмай болду

Москвада 8 адамды коюп кеткен кыргыз жараны 16-августка чейин камакта калмай болду

Москвада 8 адамды коюп кеткен кыргыз жараны 16-августка чейин камакта калмай болду. Кечээ, 9-июль күнү Орусиянын Москва шаардык соту Чыңгыз Анарбек уулунун жактоочуларынын аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн карап чыгып, буга макул болгон жок. Мындан улам, 18-июнда Таган райондук соту чыгарган чечим күчүндө калды.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Кырсыктан 8 киши жабырланган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Айдоочу 20 сааттан ашык убакыттан бери рулда экенин, унаа айдап баратып үргүлөп кетип, тормозду басам деп газды басып алганын милиция кызматкерлерине сурак берип жатып айткан. 

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган Кыргыз жаранынын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алган болчу. Сот залында Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабыркагандардан жана алардын туугандарынан кечирим сураган.