15.08.2018 13:29

Москвада адамдарды коюп кеткен Чыңгыз Анарбек уулунун ишин кароо жылдырылды

Москвада адамдарды коюп кеткен Чыңгыз Анарбек уулунун ишин кароо жылдырылды

Россиянын Москва шаардык соту 16-июнда жол четинде бараткан жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен кыргыз жараны Чыңгыз Анарбек уулунун ишин кароону дагы 2 айга жылдырды. Бул тууралуу Москва шаарынын Тверь райондук сотунун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-август күнү Тверь райондук сотунда Чыңгыз Анарбек уулунун иши каралган. Сот тергөөнүн өтүнүчү менен анын ишин 2 айга жылдырууну чечкен. Ошентип кийинки соттук отурум 16-октябрда болмокчу.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Кырсыктан 8 киши жабырланган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Айдоочу 20 сааттан ашык убакыттан бери рулда экенин, унаа айдап баратып үргүлөп кетип, тормозду басам деп газды басып алганын милиция кызматкерлерине сурак берип жатып айткан. 

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган Кыргыз жаранынын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алган болчу. Сот залында Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабыркагандардан жана алардын туугандарынан кечирим сураган.