12.03.2019 09:00

Москвадагы жол кырсыгынан каза тапкан 2 кыргыз жаранынын сөөгү Мекенине бүгүн жөнөтүлөт

Москвадагы жол кырсыгынан каза тапкан 2 кыргыз жаранынын сөөгү Мекенине бүгүн жөнөтүлөт

Москвадагы жол кырсыгынан каза тапкан 2 кыргыз жаранынын сөөгү Мекенине бүгүн жөнөтүлөт. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Буга чейин кыргызстандык жаран Москва шаарында рулду башкара албай калып, жол жээгинде турган мамыны сүзүп алганы, кесепетинде унаа ичиндеги эки жүргүнчү каза тапканы айтылган. Ал эми, айдоочу олуттуу жаракат алган эмес. 

«Кырсык 8-март күнү эртең мененки 8:00 чамаларында Москванын Братиславский көчөсүндөгү 33-үйдүн жанында жүз бериптир. Таксинин айдоочусу 24 жаштагы кыргыз жараны экени такталды. Ал учурда камакка алынды. Элчилик аны менен атасы жана бир тууган эжеси аркылуу байланышууда. Бул факт боюнча ылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.  Каза тапкан эки жүргүнчү тең кыргызстандыктар болгон. Алардын бири 27 жаштагы К. кызы Б., экинчиси 30 жаштагы А.К.Ж. экени аныкталды. Алардын сөөктөрүн 12-мартта Кыргызстанга жиберүү пландалууда», - деп билдирет Элчилик. 

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге КРнын Россиядагы ИИМ Өкүлчүлүгүнүн ызматкерлери чогуу барышкан. Иш учурда Элчиликтин көзөмөлүндө.