29.03.2020 12:52

Москвадан 300дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтууда. Чыга албай калгандары арбын

Москвадан 300дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтууда. Чыга албай калгандары арбын

Бүгүн, 29-мартта таң эрте саат 7:40та Москва шаарынын «Шереметьево» аэропортунан «Аэрофлот» авиакомпаниясы менен 398 кыргыз жараны мекенине учуп кетти. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» жаңылыктар кызматынын кабарчысы Мирбек Молдакунов кабарлады.

Анын айтканына караганда,элчиликтин, миграция кызматынын жардамы менен учактары күтүүсүздөн токтоп калып, аэропорттон чыга албай калган кыргыз жарандарын мекенине жөнөтүүгө мүмкүн болгон.

 «Чынында бардыгы баткан жок. Бирок кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү – аялдар, карылар жана транзиттик зонадагы жүргүнчүлөр кетишти», - дейт Мирбек Молдакунов.

Кабарчынын маалыматына караганда, ушул эле учак Кыргызстандын аймагында калып калган орус жарандарын алып кетет.

«Аэропортто калып калган мекендештерди хостелдерге жаткырып, тамак-аш менен камсыз кылып, колдон келсе жумуш менен камсыз кылууга аракет көрүлүүдө», - деп билдирет Молдакунов.

Эске салсак, 27-мартта Россия бардык өлкөлөр менен авиакаттамдарын токтоткон. Көптөгөн кыргыз жарандары мекенине кайта албай калышкан. Күн мурун, 28-мартта Москвадан 300дөй кыргызстандык кайтып келген.

Ал ортодо 200дөй кыргызстандык Новосибирск шаарындагы «Толмачево» аэропортунда күн кечирип жатышат. Бүгүн, алар мамалекеттин көңүлүн буруу үчүн аргасыз чарага барышып, ачкачылык жарыялашты.