11.06.2018 10:47

Москвадан мыйзамсыз ташылып келаткан дары-дармектер аныкталды

Москвадан мыйзамсыз ташылып келаткан дары-дармектер аныкталды

Аткезчилик жол менен Кыргызстанга дары-дармек алып келаткандар кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта,  «Кайыңды-темир жолу»  көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек ара кызматкерлери  «Москва -Бишкек» каттамы менен келе жаткан поездди текшерүү маалында кандай шартта даярдалганы белгисиз, ар түрдүү логотиптер түшүрүлгөн 4 куту дары таап алышканы айтылат.  Бул дарыларга уруксаат берүүчү документтер жок болгон. 

Кутулар  вагондун купесинде шып менен поезддин чатырынын ортосунда катылган. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин, вагондун тейлөөчү кызматкери менен медикаменттер андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.