17.05.2020 11:07

Москвадан Бишкекке 161 кыргызстандык келди

Москвадан Бишкекке 161 кыргызстандык келди

Москва-Бишкек атайын каттамы менен 161 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

 

 «Манас» эл аралык аэропорту 16-майда «Тез Джет» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды», — деп айтылат маалыматта.

 

Эрежеге ылайык, чет жерден келген жарандар медициналык кароодон өткөрүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.